super.kg logo
  Саясат  

Жылдызкан Жолдошева: "Балким, Райымбек Матраимовдун тажрыйбасын карап көрүшүбүз керек"

 

SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.

Анда ага: "Алдыдагы шайлоого сиз да бара турганыңыз белгилүү. Абдан оор кырдаалда бара жатасыздар, өзүңүз билгендей кымбатчылык асман чапчып турган учур жана анын чечилүү жолун көрүү да кыйын болуп турат. Ушул кымбатчылыкка, бизнесмендердин ишинин артка кетишине кайсы бир деңгээлде Райымбек Матраимов түзгөн схеманы жок кылуу таасир этүүдө деген кептер эл арасында айтылууда. Бул боюнча сиз да ишкерлердин пикирин уктум деп айтканыңыз бар эле, кененирээк токтолсоңуз, казак-кыргыз ишкерлери кандай жабыр тартып калышты жана бул схеманы азыр пайдаланып жаткандар барбы?", - деген суроо берилди.

"Балдарым ишкерлик менен алектенгендиктен мен дагы бизнеске көңүл бура баштадым. Ишкерлер "Райымбек Матраимовдун схемасы жетекчи катары эмес, бизнесмендерге түзүп берген шарты эң ыңгайлуу" деп айтып калышат. Бирок мен муну терең изилдеген жокмун. Бирок бул схеманы казактар колдонуп жаткан экен. Муну мага казак бизнесмендери айтышты. "Биз "Дордой" базарына барып, силерден товар алып кетчү элек, эми силер бизден алып кетесиңер" дешти. Андан сырткары Фейсбуктан окуп калам, анда эмнегедир көптөгөн бизнесмендер өкүнүч менен айтып калышат. Бул маселени бизнесмендер чогулуп карап чыгышы керек. Балким, чындап бул схеманын жакшы тараптары бардыр", - деп жооп берди Жылдызкан Жолдошева.






Жылдызкан Жолдошева: "Садыр Жапаровду колдогондор душман, каматкандар дос болуп калды"

Автор: Жылдыз Джускембаева, Жолдубек Качкынбаев, Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: