СИЗО-1дин жанынан качып кеткен 27 жаштагы шектүү Теңдик конушунан кармалды
Бишкекте СИЗО-1дин жанынан качып кеткен 27 жаштагы шектүү ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө колго түшүрүлдү. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, шектүү "Перехват" планынын негизинде Теңдик конушунан кармалды.
Буга чейин "жаза аткаруу тутумунун кызматкерине карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү" беренеси боюнча айыпталып кармалган 27 жаштагы Адилет Сагынбековдун качып кеткени маалымдалган.
Ал соттук териштирүү үчүн Ысык-Ата РИИБине жөнөтүлүп, 10-сентябрда Бишкектеги СИЗО-1ге конвойлор менен жиберилгенде СИЗО-1дин жанынан качып кеткен.
Шектүүнү кармоого Чүй ОИИББинин, Бишкек ШИИББинин жана ИИМдин ыкчам тергөө кызматынын толук курамы тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Apyn8793

10.09.2021. 21:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран эргул.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.