"Кечинде жаздыкка ыйлаган күндөр өттү". Нурзат Токтосунова кош бойлуу экенин жарыялады
Алып баруучу Нурзат Токтосунова кош бойлуу экенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда ал "кимдир-бирөө үчүн балалуу болуу оңой эле болгондур" деп сөз баштады. "Бирок мен үчүн ый, сыркоо, операциялар, ажырашуулар, жеке трагедиялар менен коштолду. Өмүр жолу тегиз болбойт тура. Тагдырга жазса, кабыл албаска аргабыз жок. Мамлекеттик иш-чараларды күлүп алып барып, кечинде жаздыкка ыйлаган, кээде жашоодон кечким келген күндөр өттү. Баарына шүгүр. Апам гана "мага сен керексиң, кайгырба, бек бол" деп артымда турду. Ар бир сыноо мени күчтүү кылды. Сабак алдым. Алдыга гана умтулдум. Акыры Аллахым мага боору ооруп, 3 жыл мурун Алматыдагы ИРМ бейтапканасы себепчи болуп, Акберметимди кучагыма алсам, эми минтип экинчи жолу бактылуу эне болуу мүмкүнчүлүгүн ыраа көрүүдө. Бул бакытты мага окшоп бала күтүп жүргөндөр аябай түшүнсө керек. Өкүнүчүм, атам кызымды көрбөй кетти. Аябай күткөн эле", - деп жазды Токтосунова.
Буга чейин алып баруучу турмушка чыкканын билдирген.

Ар эрге тийгенде эрин, кайын журтун мактайт да, ажырашканда жылдызыбыз келишпеди деп актанат. Озу айткандай бывший куйоолору,кайын журттары жакшы болсо анда куноо кимде? Ажырашып жатса. Балким озундо чыгаар? Озун ар рекламалаган сайын ошончо негатив угат. Менимче буга негатив керек окшойт.......
Эрге тийсе да, ажырашса да озун пиарлай берсе акыбети ушул, талкууга калат.....