Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 20 жылдыгын белгилейт
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы 8-ноябрда кезектеги XIII съездин өткөрөт. Анда партиянын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы белгиленет. Съездге Кытай Эл Республикасынын Коммунистик партиясы, Орусиядан «Единая Россия», Казакстандан «Нур - Отан», Түркиядан “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партияларынын өкүлдөрү жана жергиликтүү “Ата Мекен”, “Ар-намыс”, “Замандаш”, “Ак-шумкар”, “Республика”, “Өнүгүү” жана башка партиялардын өкүлдөрү катышышат. Ошондой эле съездге сыйлуу коноктордун бири катары экс-президент Роза Отунбаева да чакырылган. Эске сала кетсек, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын биринчи съезди 1993-жылдын сентябрь айында болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

