super.kg logo

"250 миң доллар кайтарып берген эмес". БШКнын азыркы мүчөсү алдамчылыкка шектелүүдө

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы мүчөсү алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, А.Д. аттуу жаран БШКнын азыркы мүчөсү А.Э.ге карата чара көрүү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. БШКнын азыркы мүчөсү А.Э. "Кыргызстан" саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыз менен кайрылган жарандан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 000 АКШ доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн адам өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 миң долларын А.Д.га кайтарып берип, калган 250 миң долларды өзүнө ыйгарып алуу менен арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

2021-жылдын 11-сентябрында А.Э.нын БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен ал башкы прокурор тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү менен (алдамчылык) өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө А.Э.ны УКМК тергөө жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
11.09.2021. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карапайым эл бул сумманы кармап көрө элек булар орун алыш учун чачып жүрүшөт не болуп баратат элдин шорун кайнаткандар
11.09.2021. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча Акча берип чимкирик болушабы, андан көрө ошол акчага бизнес ачып таза эле жүрбөйбү.
11.09.2021. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алганды эле эмес бергенди да кошо кармаш керек го бул жерде экоонун куноосу бирдей экен
11.09.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул иште эки тарапты тен жоопко тартыш керек экен, ошончо акча берип, келген киши таза иштейт дегенге ким ишенет?
AibekAjikulov түзөттү 2021-09-11 17:42:29
11.09.2021. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнес менен саясаты аралаштыргандын кесепети.
12.09.2021. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АД да мынча акча кайдан болду экен эле а ошол маалда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: