super.kg logo
  Спорт  

Сүйүнчү! Калыс Нурланбек уулу КМШ оюндарында каратэ спорту боюнча Дүйнө чемпиону болду

 

Орусиянын Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында мекендешибиз Калыс Нурланбек уулу каратэ спорту боюнча алтын медаль жеңип, Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Калыс Нурланбек уулу 67 килограмм салмак категориясында күч сынашкан. Ал алгачкы беттешинде орусиялык спортчуну 5:1 эсебинде жеңген.

Ошондой эле жарым финалда Беларусь өлкөсүнүн спортчусун 3:0 эсебинде утуп алган.

Ал эми финалда алтын үчүн болгон таймашта мекендешибиздин атаандашы татамиге чыкпагандыгына байланыштуу кыргыз спортчусу автоматтык түрдө жеңишке ээ болгон.

Белгилей кетсек, 11-сентябрда Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндары жыйынтыкталып жатат. Мелдештер 4-сентябрда башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.09.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
КМШ оюндарында только КМШдан келген спортчулар катышса,кандайча дуйно чемпиону болуп калат?
12.09.2021. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84, Ушуну жазгантЖурналисттер үчүн ошондой.
12.09.2021. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналисттер ушул качан туура маалымат берет болду экенсиңер? КМШ оюндары каяктан дүйнө чемпионат болчу эле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: