"Мен аны алгач көргөндө ал 15 жашта болчу". Ассоль Молдокматова Алексей Филатовду эскерди
Бүгүн, 12-сентябрда алып баруучу Алексей Филатов каза болду. Бул тууралуу устаты, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова эскерүү жарыялады.
“Лёшанын бул дүйнөдө жок экенине ишене албай турам. Быйыл ал 1-декабрда 33 жашка чыкмак. Мен Лёшаны биринчи жолу "Лимон" гезитинин кеңсесинен көргөм. Ал 15 жашта болчу. Мен ошол учурда мамлекеттик телеканалдын музыкалык жана көңүл ачуучу программалар студиясын жетектеп, жаңы жүздөр пайда болушу керек деген жыйынтыкка келгем. Көп өтпөй Алексей Филатов жаңы жүз болуп калды.
- Жашың канчада?
- 15 ... деп ишенимдүү жооп берген Лёша.
- Телевидениеге кел, сенден жылдыз чыгаралы, - деп чакыргам Лёшаны. Ал эртеси күнү телевидениеге келген. Мен келечегине ишенип, күн сайын анын үстүнөн иштечүмүн. Акылдуу, жаркыраган Лёша көп өтпөй "Хит-Парадды", кийинчерээк башка долбоорлордун үстүнөн иштей баштады жана беш жыл иштеди.
Бул жылдар аралыгында биз байланышта болдук. Долбоорлорду алып барууга чакырып турчумун.
Кайда жүргөнүмө карабай, эртең менен туулган күнүм менен куттуктап, дайыма кызыл роза гүлдөрүн алып келген биринчи адам эле. Лёша, сен ар дайым биздин жүрөгүбүздөсүң. Лёшенка, жаткан жериң жайлуу болсун”, - деп жазды Молдокматова.
Ассоль Молдокматова Алексей Филатовду эскерди


Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, Аллахом бейишинен орун берген болсун