Бишкекте 7-ноябрда Насирдин Исановдун ишмердиги жана жашоосу тууралуу фотокөргөзмө өтөт
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2013-жылдын 6-ноябрында Улуттук филармонияда Насирдин Исановдун ишмердиги жана жашоосу тууралуу фотокөргөзмөнү ачат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөгө 100дөн ашык сүрөт коюлат. Ачылышына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев, өкмөттүн өкүлдөрү жана ЖКнын депутаттары катышат. Көргөзмөнүн ачылышынан соң филармонияда концерттик программа тартууланат.
Эскерте кетсек, эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун көзү тирүү болгондо быйыл 7-ноябрда 68 жашка чыкмак.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

