super.kg logo
  Саясат  

Каржы министринин орун басары: “Чек арачылардын саны аз. Коңшу өлкөлөрдүн 4 чек арачысына биздин 1 чек арачы туура келет”

 

Баткен облусу боюнча Чек ара кызматында 300 бош орун бар. Муну ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Асия Сасыкбаева айтты. Айтымында, айлыктын аздыгынан ал кызматтарга эч ким барбай жатат. “Каржы министрлиги бул тармакта иштегендердин айлыгын көтөрсө болот. Ал үчүн 300 бош кызматтык орунду 100гө кыскартуу зарыл”,- деди Сасыкбаева. 

Ал эми каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошов чек арачылардын санын кыскартуу туура эмес экенин билдирди. “Чек арачылардын айлыктары көтөрүлүп, үстүнө 2080 сомдон кошулду. Биздин бир чек арачыбызга, коңшу өлкөнүн 4 чек арачысы туура келет”,- деди Кожошов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: