super.kg logo

Кыргыз тасмасы Алматыда өткөн кинофестивалда "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын алды

 

"Кыял" тасмасы 8-сентябрдан 12-сентябрга чейин Алматыда өткөн "VI Baiqonyr International Short Film Festival" фестивалында жеңүүчү аталды. Мындай маалымат кинофорумдун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, режиссёр Чыңгыз Самудин уулунун "Кыял" аттуу тасмасы "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын алды.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тасма 2020-жылы КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун VIII "Үмүт" форумунда "Эң мыкты тасма" сыйлыгын алган. "Кыял" тасмасы "Айтыш фильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: