super.kg logo

Мурас-Ордодогу окуучу баланын өлүмү: Сот бир тууган агасына өкүм чыгарды

 

Мурас-Ордо жаңы конушундагы окуучу баланын өлтүрүлүшүнө күнөөлөнүп жаткан бир тууган агасы үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө кесилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, шектүү күнөөлүү деп табылган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоодо күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесине ылайык, С.А үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулду", - деп билдиришти соттон.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 17-мартында Мурас-Ордо жаңы конушунда турак үйдөн жаш баланын жансыз денеси табылган. Анда өспүрүм бычактан жаракат алып, киши колдуу каза болгону аныкталган. Каза болгон бала 2008-жылы туулган М.А. аттуу бала экендиги жана эпилепсия менен жабыркап жүргөнү белгилүү болгон. Анын жанында дайыма бир адам болушу керектиги, окуя болгон күнү балдардын ата-энеси жумушка кетип, маркумду 17 жаштагы агасы карап калганы маалымдалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип, каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Ал алгачкы суракта инисин бычактап, андан соң бычакты жууп катып койгонун, окуя иниси экөөнүн пикир келишпестигинен улам болгонун айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
13.09.2021. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызча эле жазсаңар пробация деп орусча, калганы кыргыз, же ошого келгенде Кыргызча термин жетпей калдыбы?
13.09.2021. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
KG-312,озун кыйратын жазчы билсен
13.09.2021. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туура эле чечим болуптур. Бул кокустук да шайтан айдаган. Бир тууганын жоготуу өлтүрүп алуу бул агасы үчүн да тирүүнүн оор жазасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: