Ооганстандын вице-президентинин үйүнөн алтын куймалар жана таңгакталган долларлар табылды
Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехтин үйүнөн алтын куймалар жана таңгакталган долларлар табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вице-президенттин үйүнөн 6 жарым миллион доллар жана 18 алтын куйма табылган. Анын байлыгын "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү таап алган.
Буга чейин дагы Ооганстандын президенти Ашраф Гани алып чыкканга үлгүрбөй калган делген баштыктагы АКШ долларларынын видеосу тараган.
17-августта Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех ооган Конституциясына таянып, өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялап, элди талибдерге каршы күрөшүүгө чакырганы маалымдалган.
Амрулла Салехтин үйүнөн таңгакталган долларлар табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Datka7777

14.09.2021. 07:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Башчысы бай мамлекеттин эли жакыр болот!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.