super.kg logo

Конор Макгрегор Бруклиндеги сыйлык тапшыруу аземинде реп ырчысы Колсон Бэйкер менен мушташып кете жаздады

 

UFC'нин 2 салмак категориясындагы мурдагы чемпиону Конор Макгрегор "MTV Video Music Awards" сыйлык тапшыруу аземинде белгилүү америкалык репер Колсон Бэйкер менен мушташып кете жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.

Маалыматка ылайык, "MTV Video Music Awards" сыйлык тапшыруу салтанаты АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин аймагында болуп өткөн. Аземден кийин ирландиялык мушкер америкалык репер Колсон Бэйкерге чогуу сүрөткө түшүү сунушу менен кайрылган. Бирок репер бул сунуштан баш тартып койгондуктан ортодо ызы-чуу орун алган.

Күбөлөрдүн айтымында, Бэйкердин жан сакчыларынын бири Макгрегорду түртүп жиберген. Ал эми Макгрегор дароо реперге суусу бар стаканды ыргыткан. Эки тарапты коопсуздук кызматкерлери токтотуп калууга үлгүрүшкөн.

"Мен бул адамды тааныбайм деле. Биздин арабызда эч нерсе болгон жок. Мен октагонго чыккан чыныгы мушкерлер менен гана мушташам", - деп билдирген Конор Макгрегор журналисттерге.

Эске салсак, Конор Макгрегор буга чейин дагы UFC 223 турниринин маалымат жыйынынан соң орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов баштаган мушкерлерди алып кетип бара жаткан автобуска чабуул жасап эсте калган.






Конор МакГрегор менен репер Колсон Бейкэр мушташып кете жаздашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.09.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайран эргул!
13.09.2021. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конорали кызытат да жургон жери Шоу
14.09.2021. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран көк жал кайсыл жерде болбосун ызы чуунун үстүндө жүрөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: