super.kg logo

Айзада Канатбекованын өлүмү. Сот чечим чыгарды

 

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча сот чечим чыгарды.

Анда 5 айыпталуучунун иши каралып, аларды сот күнөөлүү деп тапты.

Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле ар бир соттолуучу 100 миң сом өлчөмүндө жабырлануучу тарапка айып төлөөгө милдеттендирилди.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган.

30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
15.09.2021. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зөөкүр, зордукчул,адам уурдагычтарга сабак болсун!
15.09.2021. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзаданын жаткан жери жайлуу болсун!Жапжаш кыздын өмүрүн үзүштү зөөкүрлөр!Буга милициялардын Айзаданын өмүрүнө кол салуу болуп жатканына жоопкерчиликсиз мамиле кылганында болду!Милиция өз милдетин элдин астында аткарганга милдеттүү! Зөөкүрлөр эркек болсо эле милициядагы иштеген эркектер эркекчилик деп эркектерди колдоп, аялдардын,кыздардын кайрылуусуна, энелердин көз жашына кол шилтеп көңүл бурбай кою кайталанбашы керек!!!
15.09.2021. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция кызматкерлери кайрылган Кыргызстандын жарандарынын жынысына карабай мыйзам чегинде дыкаттык менен, жоопкерчилик менен иштеп жардам бергенге милдеттүү!
Болбосо сексуалдык маньяктар алакачымыш болуп кыздарыбызды өлтүрүшөт! Ала качуу бул кишини уурдоо! Ашык баш болуп талаада жаткан эч кимдин кызы жок каалагандай өлтүрө бергидей, кыйнай бергидей!Ата энелер дагы кыздарын кызымды зордуктап, өлтүрүп кетишсин, милиция кызматкерлери кайрылууга кош көңүл мамиле кылсын деп чоңойтушпайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: