super.kg logo

№1 абакта денеси күйүп, андан соң асынган абалда табылган соттолуучунун өлүмү. Кылмыштын бети 2 жылдан кийин ачылды

 

ИИМдин кызматкерлери өзгөчө мыкаачылык менен №1 абакта өлтүрүлгөн жарандын ишинин бетин ачты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-декабрь күнү №1 абакта соттолуучу денесинин баары күйүп, андан соң асынган абалда табылган. Ал 1996-жылы туулган У.у.Э. аттуу соттолуучу болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Териштирүү иштеринин натыйжасында, бул окуяга шектүү катары 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну Ж.у.Т. кармалган. Ал учурда абакта бир канча берене боюнча жазасын өтөп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат жана абакта "смотрящий" атка ээ экени жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: