super.kg logo

1-сентябрда эмес, 15-сентябрда мектеп босогосун аттаган "бактылуу" окуучулар. Белгилүүлөрдүн уул, кыздары биринчи класска барганда

 

2021-2022-окуу жылы 15-сентябрда старт алып, республиканын бардык билим берүү мекемелери окуучуларды кабыл алат. Биринчи жолу мектеп босогосун аттап, билим алуучулардын катарына кошулгандардын арасында шоу-бизнес өкүлдөрүнүн уул, кыздары да бар.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын эң кичүү баласы дагы окуучу аталды. Ырчы айымдын тун баласы үчүнчү класс, кызы экинчи класс, ал эми кчүүсү биринчи класска барды.

Ырчы Бактыгүл Бадыеванын ортончу кызы Эркеле быйыл мектеп босогосун аттады. Ал Бишкек шаарындагы менчик мектептердин биринде билим алат.

"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаевдин уулу Тынай дагы биринчи класстын окуучусу болду. Ал менчик мектептердин биринде билим алат. Тынай Эрмек Нурбаевдин үчүнчү уулу.

Режиссёр, продюсер Данияр Болотбековдун уулу Даир биринчи класска барып, окуучу статусун алды.

Вайнер, актёр Эмил Токтошевдин баласы Агзам дагы Оштогу мектеп комплексинин биринчи классынын окуучусу болду.

Ырчы Акбар Сүйүнбаев менен Кундуз Казыбек кызынын баласы Актилек 1-класска кадам таштады. Кундуз айым уулун 6 жарым жаныда мектепке берейинн деген ою болгонун айтат. "Актилекти былтыр мектепке берели деп ойлогонбуз 6,6 жашында. Бирок пандемияда үйдө окугандан улам ал оюбуздан кайтканбыз. Көпчүлүгү өзүнүн жашында берген туура болот дешкен. Чындыгында былтыр мектепке барганда эртерээк болуп калмак экен. Быйыл классыбыздын эң узунубуз", - дейт ал.

Ырчы Айпери Кулбаева бул жылы баласы Акдилди мектепке алып барды. "Мектептин ак босогосун аттап, алгачкы ирет партага олтурду. Акдилим жакшы окуп, илим-билим алып, эл керегине жараган, желегибизди көктө желбиреткен акылдуу, ыймандуу балдардан болушуңду тилейм", - дейт ал.

Фольклор ырчысы Эльзар Өскөнбаеванын баласы Эмир дагы биринчи класстын окуучусу болду.

Клипмейкер Эрнист Сыдыковдун экинчи уулу Умар бул жылы биринчи класска барган окуучулардын катарын толуктады.

Ырчы Тотомидин Жолдошевдин эрке кызы Созайым дагы ак бантигин тагынып, 1-класска кадам таштады.

Шоумен Санжар Мыкыевдин тун кызы Фатима быйыл мектепке чейинки даярдоо классына аттанды.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(11)
15.09.2021. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баары эле кыйын менчик мектептерде окутушуп
15.09.2021. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушулардын эле балдары бар бекен биздин балдар кем эмес булардан
15.09.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менин кызымда Москвадагы эн кыйын деп саналган Вальдорфский багытында билим берген мектепке 1-класска барды. Айына 35минден толоп окутабыз. Эн жонокой айлыктан айлыка жашаган уй булообуз. Биздин келечек балдарда.
15.09.2021. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainura220888,азаматсынар
15.09.2021. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрмек Нурбаев Султан Сулайман го
15.09.2021. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмил шакалды жазбагыла
15.09.2021. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tyty1990, Эмил менен жеке таарынычын болсо өзү менен чечип ал . Бул жака чыгып алып катындарча аркасынан сүйлөгөнүн дурус эмес. Адамдын артынан жамандоо каралоо мусулманчылыкта да туура эмес
15.09.2021. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,не кылды сага анчалык, сенден сурап жазсынбы эми
15.09.2021. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кечээ чыкканда Самара жок эле.Мен калып калыпмын деп сүрөтүн жөнөткөн го.Башында туруп калыптыр бүгүн.
15.09.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка белгилүүдөрдүн биринчи класска бара турган бала чакасы калган эмес окшойт, мектепке чейинки даярдоо курсун да кошо коюшуптур. Эң негизгизи келечек муундарыбыз алган билимдери татыктуу болсун бүткүл эле Элдин мектепке үмүт менен аттангандары.
16.09.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара жыл сайын тороптур го,ме сага деп.Аял жок дегенде 2 же 3 жылда торош керек, врач да айтат го Биринчи ден соолугуну кара,жылда торогон болбойт деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: