super.kg logo
  Саясат  

Кирешеси жана мүлкү тууралуу декларацияда жалган маалымат берген кызматкерлер айып пул төлөйт

 

ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитети бүгүн, 5-ноябрда “КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карады. Мыйзам муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси тууралуу декларациясында туура эмес маалымат көрсөтсө, аларга айып пул салууга багытталган.  

“Азыркы мыйзам боюнча, декларациясын өз учурунда тапшырбагандарга 5 миң сом айып пул салынат. Биз кирешеси жана үй мүлкү тууралуу декларациясында туура эмес маалымат жазган кызматкерлерге айып пул салууну сунуштап жатабыз”,- дейт юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов. 

 

Айып пулдун көлөмүн декларацияда жазылбай, жашырылган мүлктүн баасына жараша коюу керектигин айтышкан депутаттар чыкты.

“Декларацияда көрсөтүлбөй калган мүлктөр да ар кандай болот. Айрымдар эскирип бүткөн Москвичин унутуп декларацияга жазбай калышы мүмкүн. Башкалар “Бишкек Парк” сыяктуу мүлкүн жазбай коёт.  Анан экөө тең бирдей, 5 миң сом айып пул төлөп калабы?,- деди депутат Бөдөш Мамырова. 

 

Депутат Асия Сасыкбаева эгер декларацияда көрсөтүлбөй калган мүлктүн баасы 500 миң сом болсо, айып пулду 50 миң сом кылуу керектигин билдирди. Жыйынтыгында сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоору колдоо тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: