super.kg logo

Кара-Суу районунун салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

 

ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы  күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүктөгү оперативдүү тобу  Ош облусунун Кара-суу районундагы салык инспекциясынын  салык инспекторун пара алып жаткан учурда  колго түшүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Колго түшкөн адам опузалап пара алган деп шектелүүдө.  Маалымат боюнча салыкчы дүкөндү текшерүү учурунда айрым кемчиликтерди айтып, дүкөн ээсинен пара сураган. Дүкөн  ээси  өз учурунда ушул салыкчы келгени салыкты  эки эсе төлөй баштаганын, азык-түлүк да талап кылганын, бирок анын талабын аткарбагандан кийин  текшерүү күчөгөнүн милицияга кабарлаган. Акыркы ирет  салыкчы жеке ишкерди дүкөндө кассалык аппарат жок деп 10 миң сомго айыпка жыккан. Түзүлгөн актыны жокко чыгаруу үчүн салыкчы дүкөн ээсинен 5000 миң сом сураган. 

Талап кылган сумманы аларда салыкчы Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.11.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пара алганды мынча кармадынар,кыйратып айлык берип жаткансып.Нормалдуу караганда ошол паракорчунун айлыгы уйбулосуно эмес озуно жетпейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: