super.kg logo

Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштери башталды

 

Борбор калаадагы Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштеринин акыркы этабы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн. Былтыркы жылы ал каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери алмаштырылып, жылуулук берүү системалары калыбына келтирилген. Ошондой эле жаңы көшөгөлөр, отургучтар жана LED экран сатып алынган.

Пандемиядан улам мамлекеттик бюджеттен каржылоо иштери токтотулуп, оңдоп-түзөө иштери убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Ал эми быйыл кайра жанданып, учурда театрдын чатырын оңдоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аталган театр 1926-жылы негизделген. Азыркы имараты болсо 1972-жылы пайдаланууга берилген. Театрды оңдоп-түзөө иштери аяктаган соң 95 жылдык мааракесине карата ачуу пландалып жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: