"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы старт алды




Бишкекте "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кино фестивалы старт алды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, салтанат "Манас" кинотеатрында өтүп, ага Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев жана кино фестивалынын директору Фархад Бекманбетовдун катышуусу менен өттү.
Жалпы катышуучулар, калыстар тобу жана атайын чакырылган коноктор кызыл килемден өтүп, иш-чара расмий ачылды.
Фестиваль Маданият, спорт, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун жана "Айтыш" коомдук фонду тарабынан ишке ашууда. Быйыл кинофестиваль Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Фестиваль эл аралык жана улуттук болуп эки конкурстук программаны камтыйт. Анда фантастикалык, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык тасмалар сыяктуу жанрлар көрсөтүлөт.
Быйыл кинофестивалга чет өлкөлүк жана ата мекендик кинорежиссёрлордон 500дөн ашык арыз түшкөн. Фестивалдын тасмаларын калыстар тобу баалайт, анын курамына КМШ, Балтика жана Грузиянын белгилүү кинорежиссёрлору кирет.
Фестиваль 17-сентябрь күнү жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Eden-Hazard

14.09.2021. 19:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынкыз эжемдин "Дом" киносуна голос берип койгула барып. Эртең Манас кинотеатрында Синий залда көрсөтөт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.