super.kg logo

"Бийликти басып алууга даярданып жүргөн". Ички иштер министрлиги Курсан Асановдун кармалышы боюнча билдирүү таратты

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти басып алууну уюштуруп жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы реестрге катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде ("бийликти күч менен басып алуу") көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу Курсан Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар Курсан Асанов бүгүн, 14-сентябрда суракка чакырылып, андан соң кармалганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.09.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөн жүрбөдү го
15.09.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дагы төңкөрүшпү? Бу бийликке тойбогондор топуракка тоюшаар бекен?
15.09.2021. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин манкурт жеп жутарлардын баардыгынын коздогону бийлик. Президент болбой калганы эле тонкоруш уюштура берип олушту го. Президенттикке орун бироо манкурттар, болуп иштеп аткан президентке колдоо корсотуп иштей бергилечи бир биринен кыйын болбой. Бизде баардыгы " президент" болом оорусу менен ооруп калышты го...
15.09.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле, бул Ашанын адамы, өзүнчө эле Мвдны бы же Укмкныбы басып алды беле 5-октда?
15.09.2021. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда 15 жылдан бери басып алгандар иштеп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: