super.kg logo

Бишкекте велосипед уурдоого шектелип 41 жаштагы жаран кармалды

 

Борбор калаада велосипед уурдоого шектелип 1980-жылы туулган Д.Т. атуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин 12-сентябрда Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин короосунан велосипед уурдалганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ошондой эле Э.М. аттуу жаран короосунан 14 миң сомдук "Farever" үлгүсүндөгү велосипедин белгисиз жарандар уурдап кетишкенин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесине (уурдоо) ылайык сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Андан соң ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектелип 1980-жылы туулган Д.Т. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилгени айтылды.

Учурда кармалган жарандын дагы ушул сыяктуу башка иштерге тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн кошумча тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: