Бишкекте 3 күнгө созулган дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалы өтөт

Аталган эл аралык фестивалды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги дүйнөлүк эпикалык мурасты сактоонун инновациялык ыкмаларынын бири катары 2006-жылы негиздеген. Фестиваль Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.
"Фестиваль дүйнө элдеринин эпикалык мурастарын элге жеткирүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу, эл аралык маданий кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт. Учурда фестивалга 20дан ашык өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын алдына "Кыргыз көчү" этнографиялык айылы курулуп, "Мыкты боз үй" сынагы өтөт. Анда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинин катарын толуктаган, көчмөн цивилизациясынын тумары, байыркы ата-бабалардан бери жашап, турмуш кечирип келген кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн мыкты үлгүсү жана кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон боз үйдү даңазалоо болуп саналат.
"Мыкты Семетейчи" сынагы. Бул сынак Кыргыз жергесинде алгачкы жолу уюштурулууда. Чыгармачылыктын кайталангыс, өтө сейрек кездешүүчү түрүн сактоо жана өнүктүрүү, адамзаттын маданий баалуулуктарын аздектеп өркүндөтүү, эл аралык руханий, маданий шериктештикти кеңейтүүгө багыт алат.
Мындан сырткары "Саркеч көчмөн" сынагы уюштурулуп, улуттук колориттеги кийимдердин заманбап үлгүсүн эл алдына алып чыгуу менен таланттуу дизайнерлерди аныктоо жана чеберлерин колдоо максатын көздөйт.
Фестивалдын жүрүшү бекитилген программа боюнча концерттер, ар улуттун тамак-аштарынын дегустациясы, жарманке жана улуттук оюндар менен коштолот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.