super.kg logo
  Спорт  

3 алтын! Өлкөнүн күрөш боюнча өспүрүмдөр командасы Сербиядагы мелдештен 5 медаль жеңип келишти

 
Өлкөнүн өспүрүм спортчулары Сербияда өткөн күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мелдештен байгелүү кайтып келишти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган турнирде Свердлов районундагы Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген жаштар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин спортчулары жана грек-рим күрөшү боюнча Ленин районундагы спорт мектептин тарбиялануучулары байгелүү орундарга жетишкен. Алар:
Нурболот Сыргабай уулу (15 жашка чейин) - алтын;
Сабит Шамшединов (15 жашка чейин) - алтын;
Саламан Данияров - алтын;
Бакыт Жакыпбеков - күмүш;
Эржан Акылбек уулу - коло.
Эске салсак, күрөш боюнча "ISF U 15 World School Sport Games" аталышындагы бүткүл дүйнөлүк мелдеш 12-14-сентябрь күндөрү Сербиянын борбору Белград шаарында болуп өттү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: