super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Тажикстанга учуп кетти. Өлкө башчыны кимдер коштоп кетти? (тизме)

 

Бүгүн, 15-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышуу үчүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Сапар алкагында Садыр Жапаров 16-сентябрда ЖККУнун саммитине катышып, анда мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү жана уюмдун сессия аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө пикир алмашышат. Ошондой эле алдыда Армениянын ЖККУдагы төрагалыгы мезгилиндеги уюм ишмердүүлүгүнүн алгылыктуу багыттары жөнүндө маалыматты угушат.

Андан соң 17-сентябрда президент ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Жыйындын күн тартиби ШКУнун ишмердүүлүгүнүн 20 жылдагы негизги жыйынтыгы, уюм алкагында көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги, пандемиянын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен кадамдар, ошондой эле регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин камтыйт.

Белгилей кетсек, ЖККУ жана ШКУ саммиттери Тажикстандын төрагалыгында өтөт.

Мындан сырткары мамлекет башчысы Садыр Жапаров ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин делегация башчыларынын Ооганстандагы кырдаал боюнча биргелешкен жолугушуусуна катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

– Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбеков;

— Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

— Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

— Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, ШКУда Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук координатору Казыбек Көчкөнов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: