super.kg logo
  Саясат  

Канат Исаев ИИМден сурактан чыкты

 

Депутат Канат Исаев ИИМден сурактан чыкты. Ал күбө катары сурак берип чыкты.

"Курсан Асановдун үнү делген аудио боюнча сурак берип чыктым. Дагы качан суракка чакырыларым белгисиз", - дейт Исаев.

Айрым артисттер өлкө башчы Садыр Жапаровдон саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышкан.

Анда Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган 17-сентябрь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек бергени белгиленген. "Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жатат имиш. Жогорудагыларга эмне керек? Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чараларды көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлекетибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды.Тажадык", - деп жазылган кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: