super.kg logo

"30 миңге чукул АКШ долларын алган". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-августта Октябрь РИИБине К.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну 7-кичи райондо жайгашкан курулуш компаниялардын биринен ишенимге кирип, алдоо жолу менен курулуп жаткан көп кабаттуу батирди сатып, акча алган жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Жабырлануучу 7-кичи райондо курулуп жаткан имарат үчүн 29 миң 300 АКШ доллар өлчөмүндө накталай акча берген. Кийин аталган батир мурда башка адамга сатылып кеткени белгилүү болгон.

Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кылмыш жана жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: