super.kg logo
  Саясат  

БШКга бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпы 3 талапкер арыз берди

 

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпы 3 талапкер арыз берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комиссиянын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, бир топ жарандар шайлоого катышуу үчүн БШКга кайрылышып жатышат, бирок документтери толук болбой жатат.

Төмөнкүлөр шайлоого катышуу үчүн арыз беришти.

  1. Атамша Дурсуновдон парламенттик шайлоодо Ысык-Ата №30 шайлоо округу боюнча;
  2. Арсланбек Малиевден Жети-Өгүз №34 шайлоо округу боюнча;
  3. Акылбек Сариевден №33 Нарын шайлоо округу боюнча.

Талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн башталып, добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: