super.kg logo

Абайлаңыз сүрөт! Милиция жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнү аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт

 

Бишкектин Ленин РИИБинин кызматкерлери жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

6-август күнү Бишкектин Айни көчөсүндөгү үйлөрдүн жанынан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Болжолдуу жашы 30-35 чамасында. Текшерүүдө денесинен күч колдонуу фактылары аныкталган эмес.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр. Арык дене түзүлүштө, чачы кара.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү футболка, кара спорттук шым кийип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып, билген болсо төмөнкү телефон номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.09.2021. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оң жак көзү көгөрүп калыптыр,ээги көгөрүп калыптыр.Күч колдонгону белгилүү болуп эле турат.
16.09.2021. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адам каза болгон соң ар кандай болуп өзгөрүп кетиши мүмкүн экспертиза эч кандай күч колдонуу болгон эмес деп атпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: