super.kg logo
  Саясат  

"Сурак берүүдөн баш тарттым". Жылдызкан Жолдошева ИИМге чакырылып, бирок сурак бербей чыкканын айтты

 

Саясатчы Жылдызкан Жолдошева ИИМге чакырылып, бирок сурак бербей чыкканын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Сонунбүбү Кадырова президент Садыр Жапаровго кайрылган кайрылуусун башка нукта жөнөткөнүн өзү айтып чыкты. Ошону менен бирге Кадырова "мен кайрылуумду президенттик администрациянын каттар сала турган жерине таштагам. Катым бурмаланып калган" деп айтып жатат. Бурмаланган кайрылуу президентке жеттиби же жеткен жокпу бул чоң суроо. Бүгүн саат 14:00гө Ички иштер министрлигине чакырылган элем. Биринчиден, мыйзам ченемдүү иш алып барабыз десек, кайрылууну жеке президенттин атына жазылгандан кийин анын колу, резолюциясы менен ички иштер министрине келип түшүшү керек. Министр тергөө башкы башкармалыгынын жетекчисине жөнөтүп, ал тергөөчүгө жөнөтүшү шарт эле. Ошол катты көрсөткүлө десем, көрсөтө алышпай койду. Экинчиден, ошондой резолюциядан түшүп келген кат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталышы керек. Аны дагы талап кылсам, көрсөтө алышпай койду. Ошон үчүн мен сурак берүүдөн баш тарттым. Мыйзам ченеминде иштейли десек, мыйзамдын так аткарылышын талап кылуу зарыл", - дейт ал.

Айрым маданият өкүлдөрү өлкө башчы Садыр Жапаровдон бир канча саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышканы социалдык тармакка тараган.

Кайрылуу катын жазган акын Сонунбүбү Кадырова бул боюнча SUPER.KG порталына өз пикирин билдирип, кайрылуунун тексти өзгөрүп кеткенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: