super.kg logo

Былтыркы парламенттик шайлоо учурундагы дагы бир алдамчылык фактысы менен экс-депутат кармалды

 

Былтыр, 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоо учурундагы дагы бир алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

"УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. Шайлоого катышкан партиялардын биринин мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. 2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгынын жана алынган далилдердин негизинде Ч.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.

Жакын арада тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл улуу маселеси каралат, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган толук чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: