super.kg logo

Бишкектин жашоочусу люкс класстагы унааларын, батирин алып, акчасын төлөбөй из жашырып кеткен адамдын үстүнөн арыз жазды

 

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын март айында милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда андан бөлүп төлөө келишими менен эркек киши Mersedes-Benz GLS63 АМG, Mersedes-Benz S500, Chevrolet Camaro, Lexus RX 350, Тойота Камри жана Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирин алганын жазган. Бирок шектүү унааларды жана батирди сатып, андан ары из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "алдамчылык" фактысы менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кызматкерлер шектүү катары 1996-жылы туулган Ю.Б. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.09.2021. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рост 2.10 дейби?
17.09.2021. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошочо байлыкты кантип берип койду ишенип
17.09.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошончо машина.квартираны кантип берет? мага биир эле машинасын берсе олло болуп толоп эле жакшынакай кылып качпай этпей эле кутулмакмын
17.09.2021. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө бай адам турбайбы...Эми бей-бечараларга бөлүп берип кой.Милиция болбогондо тапмак эмессин да...
17.09.2021. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркутуп эле алган го. Болбосо кантип ошончо нерсесин берип койсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: