super.kg logo
  Саясат  

Жылнаама, 6-ноябрь: Коомдук ишмер Турдакун Усубалиев жарык дүйнөгө келген

 

6-ноябрь күнү Кыргызстанда жана дүйнөдө бир топ окуялар болуп өткөн.

*Мисалы, 6-ноябрь  1919-жылы Кыргыз ССРинин 1-катчысы (1961-жылдын 9-майынан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин) Турдакун Усубалиев туулган. Кененирээк маалымат берсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кочкор айылында жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Кыргыз мугалимдер институтун, 1945-жылы Советтер Союзунун борбордук комитетинин алдындагы Жогорку партиялык окуу жайын, 1965-жылы В.И. Ленин атындагы Москва педагогикалык институтун аяктаган. Эмгек жолун 1938-1941-жылдары Кочкор айылында мектепте мугалим болуп баштаган. 1961-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз ССРинин 1-катчысы болгон. Кылган эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алган, алардын ичинде 10 орден жана КРнын баатыры деген наам менен кошо “Ак-Шумкар” сыйлыгы бар. 

*1860-жылы (153 жыл мурун) Республикалык партиядан Авраам Линкольн АКШнын 16-президенти болуп шайланган.

* 1938-жылы Касым Тыныстанов репрессияланган (75 жыл мурун).

*1962-жылы “Айта бар арманымды”, “9 жаш”, “Кайдасың сен, табаламбы?” аттуу ырлардын обонунун автору, обончу Мамажан Козубаев туулган (51 жыл мурун).

*1964-жылы Алина Жетигенова төрөлгөн. (49 жыл мурун). Афиша толугу менен бул жакта ...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: