Орусиядагы мигранттардын көйгөйү жакында Жогорку Кеңештин жыйынында каралат
Орусиядагы мигранттардын көйгөйү жакында Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланат. Муну парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бүгүн, 5-ноябрда ЖКнын Социалдык саясат комитети Жогорку Кеңештин атынан орус парламентине жөнөтүлө турган кайрылуунун долбоорун карады.
Кайрылууда: “Кыргыз тарап алыста жүргөн, анын ичинде Орусиядагы мигранттардын дарегине айтылып жаткан сын-пикирлердин акыйкаттуулугун аныктап, жалган жалаадан жабыркаган мекендештерибиз болсо, аларга алыстан эмес, жакындан колдоо көрсөтүүгө даяр”,- деп айтылат.
“Кыргызстандан канча адам тышка чыгып кетти, кайсы өлкөлөргө, бизге так маалымат берчү мамлекеттик органдардын ишинен майнап чыкпай жатат”,- деди вице-спикер Бөдөш Мамырова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















