super.kg logo

Ысык-Көлдө баңгизатты сатуу менен алектенген туруктуу каналга бөгөт коюлду

 

Ысык-Көл облусунун аймагында баңгизатты сатуу менен алектенген туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-январдагы жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ош шаарынын аймагынан 1959-жылы туулган У.А. аттуу жарандан салмагы 42 грамм болгон гашиш баңги заты боюнча ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

"Жогорудагы жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 1961-жылы туулган Т.Т. менен 1967-жылы туулган О.А. аттуу жарандар узак убакыттан бери Ысык-Көл облусунун Түп жана Ысык-Көл райондорунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип келишкендиги аныкталган. Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 24-август күнү тергөө судьясынын чечиминин негизинде шектүү Т.Т. жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлүп, ашканадан 865 грамм болгон гашиш баңги заты табылган.

Ошол эле күнү шектүү О.А. жашаган Ысык-Көл облусундагы үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, сарайдан салмагы 420 грамм болгон 133 даана кургатылган кара куурай табылган. Учурда Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн кошумча атайын тергөө амалдарын жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: