super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Беловодское айылында 2 адамды унаа сүзүп кетти. Бул жерге жол чырак керек. Себеби кырсык көп катталат" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Чүй облусуна караштуу Беловодское айылынын тургуну кайрылды. Анда айылдагы негизги Фрунзе менен Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун эки тарабында тең дүкөн бар болгондугуна байланыштуу жол кырсыгы көп катталарын айтып, видео жөнөттү.

"Беловодское айылында жол кырсыгынын көпчүлүгү негизги көчө болгон Фрунзе менен Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинде болот. Адамдар да көп өтөт бул жерден. Анткени жолдун эки жагында тең дүкөн бар. Дал ушул жерден унаалар жөө адамдарды сүзүп кеткен учур көп катталат. Бүгүн дагы 2 аялды унаа сүзүп кетти. Аларды "Тез жардам" кызматы алып кетиптир. Ушул жерге жол чырак коюп койсо жакшы болмок", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Жол чырак керек. Кырсык көп катталат" дейт окурман

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: