super.kg logo

УКМК майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

 

УКМК энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу ишинин жүрүшүндө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн негизинде М.Д. аттуу жаран электр энергиясын бөлүштүрүүчү "ЭТ" компаниясына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын ири өлчөмдө уурдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу үчүн мыйзамсыз иштерди уюштурганы аныкталган.

15-сентябрда жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында «ЭТ» бөлүштүрүү компаниясынын электр тармактарына мыйзамсыз туташтырылган криптовалютанын иштешин камсыз кылуучу 500дөн ашык майнинг-фермалар аныкталган.

Белгилей кетүүчү жагдай, майнинг-фермалар өндүрүлгөн электр энергиясынын жетишсиздигине алып келет, анткени 1 жабдык 1500-3000 кВт саат сарптайт. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: