super.kg logo

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Милиция шектүүдөн жабыркагандардын кайрылуусун өтүнөт

 

Бишкекте ири алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2020-жылдын май айында катталган. Анда шектүү алдамчылык жол менен жабырлануучудан 20 миң доллар жана 100 миң сом алып, андан ары из жашырган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1988-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери кимде-ким сүрөттөгү шектүү жарандан жабыркаган болсо, төмөнкү телефон номерлерге кайрылууну өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 701 00-61-06, 0 706 51-51-54, 0 553 08- 75-57 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: