Ооганстанда талибдер өзбек тилин расмий макамынан ажыратты
"Талибан" кыймылынын лидерлери Ооганстан үчүн убактылуу мыйзам чыгарды. Ага ылайык, мыйзамда мурда жазылган үч тилдин ордуна эки расмий тилди калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Негиздер" деп аталган мыйзамда расмий тилдер болуп пушту жана дари деп көрсөткөн. Буга чейин Ооганстанда алар менен бирге өзбек тили да расмий макамга ээ болгон. Аны түндүк провинциялардын көптөгөн тургундары колдонуп келишкен.
Документке ылайык, Ооганстанда ар бир провинциядан саясатчыларды, илимпоздорду жана дин таануучуларды камтыган Ислам укук таануучулар кеңеши жана Жогорку кеңеш түзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:40
2025-07-09

Рейтинг:
0

Диний фанатизм менен адам бактылуу болбойт. Дин менен жашаган Афганистан, Пакистан эмне болуп жатат. Аялдары басмырланып жатат. Билим менен гана жашаш керек. Билим гана адам баласынын муктаждыктарын чечууго жардам берет.
Карандай калпты айтпа. Европага эмне учун мусулмандар качып жатышат. Анткени Европа эли бай, онуккон, бактылуу элдер.
жери жок,кайра бейиш эненин таманында,
аял затын сыйлагыла деп эскерткен
пайгамбарыбыз Мухамад САВ.
Динди туура эмес тушунгондор бар...
Эгер чындап ислам шариатынан чыкпаганда адамдар бейпил турмушта жашашмак.