super.kg logo

Бишкекте жаранды түн ичинде тапанча менен коркутуп, тоноп кеткен жаран кармалды

 
Бишкекте жаранды түн ичинде тапанча менен коркутуп, кийимдерин чечип кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү саат 04:10 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен эркек киши тапанча менен коркутту деген маалымат келип түшкөн.
Жерине барган кызматкерлерге 1999-жылы туулган С.А. аттуу жаран кайрылып, саат 04:10 чамасында аталган көчөдө белгисиз жаран тапанча менен аны коркутуп, андан акча талап кылган. Ошондой эле анын күрмөсүн, бут кийимин чечип алып андан ары белгисиз тарапка из жашырган.
Көп өтпөй бул ишке шектүү катары 1997-жылы туулган Т.у.Ж. аттуу жаран кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: