Орусияда шайлоого эки күндүн ичинде 1,7 миллиондон ашык адам онлайн катышты
Орусияда эки күндүн ичинде Мамлекеттик Думага болгон шайлоодо 1,7 миллиондон ашуун адам онлайн добуш берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар добуш берүүнү көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабга таянуу менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1,7 миллиондон ашык адам онлайн добуш берген.
Эскерте кетсек, онлайн добуш берүү жума күнү саат 08:00дө Москва шаарынын мэри менен өкмөтүнүн порталында башталган. Ал 19-сентябрда Москва шаарынын убактысы боюнча 20:00гө чейин созулат.
Буга чейин Орусиянын шайлоо комиссиясынын башчысынын орун басары Николай Булаев Мамлекеттик Думага шайлоонун экинчи күнүндө добуш берүү тынч жана туура өтүп жатканын айтты. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бере турган мыйзам бузуулар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.