Нарында эки жеңил унаа сүзүшүп, 7 адам жабыркады





Нарын облусунда жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-сентябрь күнү саат 14:45 чамасында Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымында, тактап айтканда Кызарт ашуусунда KIA-K5 унаасы менен Subaru Legasy үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Алардын экөө эркек, калганы аялдар. Алар ар кандай жаракаттарды алышкан.
Жерине №42 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарышып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.