super.kg logo

"Эки унаа бири-бирин ашып өтөбүз деп кырсыкка учурашкан". Нарында 7 адам жабыркаган кырсыктын чоо-жайы

 

Нарын облусунда жол кырсыгынан 7 адам жабыркаган окуянын чоо-жайын SUPER.KG порталына Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айтып берди.

"Эки унаа тең Чаектен Бишкекти көздөй келе жатышкан. KIA-K5 унаасын кыз башкарып бара жаткан. Эки машина бир тилкеде келе жатып, бири-бирин ашып өтүүгө аракет кылып, жөөлөшө кетип, кырсыкка учурашкан. Эки машинада тең жүргүнчүлөр туугандар.

Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши Кочкор райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, дагы бир аял киши Балыкчы шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, дагы бир жүргүнчү Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

Ал эми унаанын айдоочулары жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылышкан эмес", - деди басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.09.2021. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр коркунуч короновирус эмес, жол кырсыгы болуп калды. Айдоочулар мактанып чаң буруксутуп айдашат. Акырын эрежеси менен айдап баратсаң, сага артыңан сигнал берип, катуу айда деп кыйкыра беришет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: