super.kg logo

Пермдеги ок чыгаруудан 8 адам каза болду (видео)

 

Алдын ала маалыматтар боюнча, Орусиянын Пермь шаарындагы мамлекеттик университетинде ок чыгарган 18 жаштагы шектүү жаран кармалды. Ошол эле учурда айрым басылмалар анын өлтүрүлгөнүн жазып жатышат.

Маалыматка ылайык, бүгүн аталган окуу жайда 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу студент травматикалык курал менен студенттерге жана мугалимдерге ок чыгарган. Ал эми шектүү университетке ок чыгаруу алдында социалдык тармакка билдирүү калтырган.

"Билдирүүдө шектүү экстремист эмес экенин жана анын кылмышы террордук чабуул болбогонун кабарлайт. Ал ок атуучу курал сатып алуу үчүн акча чогултуп, көптөн бери кол салууга даярданып жүргөн. Ал эми шектүү куралга уруксат алуу үчүн медициналык кароодон өткөн. Ал буга чейин мурунку мектебине ок атууну көздөп жүргөн, бирок ал жогоруда аталган окуу жайды тандап алган", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми университеттин басма сөз кызматы 8 адам каза таап, 24 адам жабыркаганын жарыялады.






Пермь шаарындагы университетте белгисиз адам ок чыгарды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: