super.kg logo

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн батирлеринин эшиктерин тепкилеп, жашоочулардын тынчын алган жаран кармалды

 

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы Армейский көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 2 күндөн бери эшиктерди такылдатып, ызы-чуу кылып тургундардын тынчын алып жатат делген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жашоочулардын тынчын алып жаткан жаран эч кандай психикалык жактан жабыркабайт. Ашыкча алкоголдук ичимдик ичип алгандыктан ызы-чуу салып жатканы аныкталгандыгы айтылат билдирүүдө. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин социалдык тармактарда Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринде эшиктерди ургулап, ызы-чуу салып тургундардын тынчын алып жаткан жарандын видеосу тараган. Видеодон ал адамдын туш келди эшиктерди тепкилеп, кыйкырык салып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми аталган аймактагы жашоочулардын айтымында, ал оозго алгыс сөздөрдү айтып, ызы-чуу сала берген. Аны тынчтандырганга аракет кылган жарандарга да көнгөн эмес. Мындан улам тургундар коопсуздук үчүн милиция кызматкерлерине билдирүүгө аргасыз болушкан.






Чыгыш 5 кичи районунда эшиктерди тепкилеп, тургундардын тынчын алган жаран

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: