super.kg logo

Пермдеги университетте ок чыгарган Тимур Бекмансуров кылмышка 6 ай даярданган

 

18 жаштагы Тимур Бекмансуров Пермь крайындагы изилдөө университетине ок атууга кеминде 6 ай даярданган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматтарга караганда, Бекмансуров март айында курал сатып алууга жетиштүү акча чогултуп, 18 жашка толгондон кийин лицензия алуу жол-жобосун баштаган. Ал аскердик курал сатып алууда керектүү тастыктаманы алуу үчүн арыз жазып, комиссиядан өткөн.

Апрель айында - куралдарды коопсуз колдонуу боюнча тренингден өтөт. Лицензия алып, мылтыкты сатып алган;

Май айында - курал сактоого жана аны алып жүрүүгө уруксат алат;

Июль айында - ок атуучу жайларда машыгууларды өткөргөн;

Август айында - ок-дарыларын сатып ала баштаган.

"Ал ок чыгарууну өзү окуп кеткен мектебинде жасоону чечкен. Бирок ыңгайлуу деп Пермдеги изилдөө университетин тандаган", - деп жазылат басылмалардын маалыматында.

Бекмансуровдун ок чыгаруусунан 8 адам каза болуп, 24 адам жаракат алды. Учурда Бекмансуров оор абалда деген маалыматтар дагы бар, мындан тышкары анын өлтүрүлгөнү да маалымдалып жатат. Тергөө комитети "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Орусиянын президенти Владимир Путин өз учурунда кол салуудан каза болгон адамдардын жакындарына көңүл айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
20.09.2021. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким ошондо бул татарбы?
20.09.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооба,татар окшойт.
Азиядан болгондо дароо эле,ата тегинен бери жазып чыгышмак.Биринчиден биздикилерге лицензия бермек эмес.
20.09.2021. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akjol18, ошо ата-тегин жазса жакшы эмеспи,озбекти озбек деп,а то гражданин Кыргызстана деп эле жаманатты болуп журобуз.
20.09.2021. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
surgeon777,сөзүңө кошулам.улуту айтылбай көп жерде Кыргызстандык деп сөз тийип жатат да.
20.09.2021. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеси болсо да мусулмандарга сөз тийгизиптир да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: