super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “Бавария” мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга жолдомо алды

 
"Манчестер Ситинин" капитаны Яя Туре кезектеги чабуулду уюштурууда
Мурда "МЮнун" курамында бирге ойногон "Реалдын" оюнчусу Криштиану Роналду менен "Ювентустун" чабуулчусу Карлос Тевес
"Ювентустун" оюнчусу Артуро Видалдын пенальтиден узаткан соккусун Касильяс тосо алган жок
"Бьянконери" же "Картаң синьора" аталган италиялык "Ювентусту" колдоп келген күйөрман
"Реалдын" машыктыруучусу Карло Анчелотти менен "Ювентустун" машыктыруучусу Антонио Конте
Бул беттеште Дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын бири 35 жаштагы Жан Луинджи Буффон дарбазасын кургак сактай албады
Чемпиондор Лигасынын башкы бомбардирлеринин бири Златан Ибрагимович бул күнү да талаадан голсуз кеткен жок
Бул бир гана "Реалдын" эмес 4 беттеште 8 гол соккон Чемпиондор Лигасынын башкы бомбардири Криштиану Роналду
Англиялык "Манчестер Сити" орусиялык "ЦСКАны" коноктоп, дарбазасына 5 гол киргизип сыйлады
"ЦСКАнын" чабуулчусу Сейду Думбия "Манчестер Ситинин" 5 голуна өзүнүн 2 голу менен жооп кылды
Бавария "D" тайпасында 4 оюнда 4 жеңишке жетип, мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга кадам шилтеди
20 жылдан ашык убакыт "Манчестер Юнайтедди" машыктырып келген шотландиялык Сэр Алекс Фергюсон ордун жердеши Дэвид Мойеско өткөрүп бергенден бери "МЮнун" иши жүрүшпөй келет
Испаниялык "Реал Сосьедад" 4-беттеште "МЮ" менен тең чыгып Чемпиондор Лигасындагы алгачкы упайына кол жеткизди
"МЮнун" алдыңкы оюнчуларынын бири Антонио Валенсия
Акыркы убакта "Реалдын" уэльстик оюнчусу Гарет Бэйл өзүнө артылган ишенимди актай баштады

5-ноябрь күнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында “А”, “В”, “С” жана “D” тайпасындагы клубдар 4-турдук беттешин өткөрдү. Жыйынтыгында “D” тайпасына бөлүнгөн 1/8 финалдык эки жолдомо тең ээсин тапты. Жолдомолордун ээси болуп 4 беттеште 4 жеңишке кол жеткизген германиялык “Бавария” менен 9 упай менен 2-орунду ээлеген англиялык “Манчестер Сити” табылды. Күндүн борбордук беттешинде Италия чемпиону туриндик “Ювентус” менен мадриддик “Реал” кез келип, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Болуп өткөн жалпы оюндардын жыйынтыгы төмөндө:

 

“А” тайпасы

“Шахтёр” (Украина) 0:0 “Байер” (Германия)

“Реал Сосьедад” (Испания) 0:0 “Манчестер Юнайтед” (Англия)

“В” тайпасы

“Ювентус” (Италия) 2:2 “Реал” (Испания)

 Голдор: Видаль, 42-мүнөт пенальтиден (1:0). Криштиану Роналду, 52 (1:1). Бэйл, 60 (1:2). Льоренте, 65 (2:2).

“Копенгаген” (Дания) 1:0 “Галатасарай” (Түркия)

 Гол: Бротен, 6 (1:0).

“С” тайпасы

“ПСЖ” (Франция) 1:1 Андерлехт (Бельгия)

 Голдор: де Зеув, 68 (0:1). Ибрагимович, 70 (1:1).

“Олимпиакос” (Греция) 1:0 “Бенфика” (Португалия)

 Гол: Манолас, 13 (1:0).

“D” тайпасы

“ЦСКА” 5:2 Манчестер Сити (Англия)

Голдор: Агуэро, 3-мүнөт пенальтиден (1:0). Агуэро, 20 (2:0). Негредо, 30 (3:0). Думбья, 45+1 (3:1). Негредо, 51 (4:1). Думбья, 71-мүнөт пенальтиден (4:2). Негредо, 90+2 (5:2).

“Виктория” (Чехия) 0:1 “Бавария” (Германия)

 Гол: Манджукич, 65 (0:1).

 

       






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.11.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай реал уталбай калыптырго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: