"Оймо-чийме салгандай...". Сүрөтчү Влад Ушаков Орто-Токой суу сактагычын тарткан сүрөттөрүн жарыялады
Экоактивист жана сүрөтчү Влад Ушаков Орто-Токой суу сактагычын тарткан сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда сүрөтчү аталган суу сактагычтын кыскача тарыхын кошо жазып калтырган.
"Орто-Токой суу сактагычы Нарын облусу менен Ысык-Көл облусунун чектешкен аймакта жайгашкан. Суу сактагычта 1941-жылы курулуш иштери башталып, 1960-жылы аяктаган. Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте. Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат.
Андагы суу 120 миң гектар айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат", - деп жазып калтырган Ушаков.
Социалдык тармактын колдонуучулары жогорудагы сүрөттөрдү баракчаларында бөлүшүп, Орто-Токойдо суунун көлөмү азайып кеткендигин жазышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6
6

Супер-Инфо
super.kg видео

















Жерибизди баалайлы, барктайлы биздин кооз жерлерди көргүсү келип, кыялданып жүргөн чет элдиктер көп!
Колдо бар алтынды урматтайлы!!!