Ош облусунун бир нече райондорунда бүгүн электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 6-ноябрда Ош облусунун бир катар райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананын оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Кара-Суу районунун Шарк, Савай, Большевик, Кашкар-Кыштак, Нариман, Сарай, Коңурат жана Будалык айылдарында, Ноокат районунун Гулистан айылында, Араван районунун Төбө-Коргон айылында жана Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















