Пермь шаарында 21-сентябрь Аза күтүү күнү деп жарыяланды
Пермь шаарындагы изилдөө университетинде ок атуудан улам каза болгондор үчүн 21-сентябрь Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу аталган аймактын губернатору Дмитрий Махониндин билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
"Эртең Пермь шаарында Аза күтүү күнү болот. Бүгүн бардык окуу жайларда окуу процесстери токтотулду", - деп билдирген ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-сентябрда Орусиянын Пермь шаарындагы изилдөө университетинде 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран студенттерге жана мугалимдерге ок чыгарган. Анын кол салуусунан 6 адам каза болуп, 28 адам жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:04
2025-07-04
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Isken90

20.09.2021. 19:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге биз буларды Тероризим деп мунооздобойбуз эгер бир мусулман болсо буткул дуйного жар салмак мусулмандар терорист деп чындык каякта бети жоктор булар манияк болуп калабы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.